Өлкөдөн сырткары кетип жаткан жарандары медициналык камсыздандыруу

ААК “Кыргызстан” Камсыздандыруу компаниясы CLASS Assistance сервистик компаниясынын колдоосун камсыз кылган медициналык чыгымдарды камсыздандыруунун эл аралык полисин сунуш кылат.

ААК “Кыргызстан” Камсыздандыруу компаниясы чет мамлекетте жүргөн мезгилде күтүүсүздөн ооруп калганда  же бөөдө кырсык болгон учурда, дүйнөдөгү бардык өлкөдө күндүн 24 саатында медициналык жардамды уюштурууну жана төлөөнү кепилдикке алат.

Медициналык жана башка ыкчам жардам алуу үчүн CLASS Assistance сервистик компаниясынын жардам берүү Борбору менен телефон боюнча же SMSаркылуу байланышуу керек.

Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жана убактылуу жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар камсыздандырылышы мүмкүн.

Камсыздандыруу полиси төмөндөгү чыгымдарды жабат:

Медициналык чыгымдар: токтоосуз ооруларды же травмаларды дарылоонун, ошондой эле бул учурдагы дарыгер жазып берген керектүү дары-дармектердин.

Медициналык-транспорттук чыгымдар: Камсыздандырылуучуну окуя болгон жерден жакынкы медициналык мекемеге же дарыгерге эвакуациялоо боюнча, ошондой эле Камсыздандырылуучуну ыкчам медициналык репатриациялоо боюнча, аны чет өлкөдөн жашаган жерине чейин коштоого (эгерде мындай коштоого дарыгердин багыттамасы болсо).

Транспорттук чыгымдар: Камсыздандырылуучуну жана анын балдарынын үйгө кайтышына кеткен чыгымдар, эгерде алар камсыздандыруу окуясынын натыйжасында кароосуз кала турган болсо;

Өлгөндөн кийинки репатриациялоонун чыгымдары: Камсыздандырылуучунун дайыма жашаган жерине чейин өлүктү жеткирүү боюнча, эгерде анын өлүмү камсыздандыруу окуясынын натыйжасында болгон учурда.