Русский Кыргызча English
Кабылдама : +996 (312) 38 31 31
Факс: +996 (312) 38 32 56

Мулкту камсыздандыруу

1. Юридикалык жана физикалык тараптардын мүлкүн оттон жана башка коркунучтардан камсыздандыруу

Төмөндөгүлөр камсыздандырылса болот:

  • Имараттар жана курулуштар;
  • Турак үйлөр, квартиралар;
  • Машиналар жана жабдуулар(өндүрүштүк, инженердик жана технологиялык, складдык, соодалык, муздаткычтык жана башкалар);
  • Кеңселик жана өндүрүштүк жайлар жана аларды кооздоо;
  • Компьютердик техника;
  • Эмерек, өндүрүштүк жана чарбалык шаймандар;
  • Товарлар, чийки заттар жана складдагы, музаткычтардагы, өндүрүштүк жайдагы жана соода залындагы даяр продукциялар;
  • Айнектер, күзгүлөр, витриналар, жарнактык такталар;
  • Сейфтердеги жана кассалык аппаратардагы накталай акчалар;

Камсыздандыруу тобокелдери:

  • Өрт - өрттүн кокустан пайда болушу жана зат боюнча, заттын ичинде же бир заттан экинчи затка жайылышы;
  • Чагылгандын тийиши;
  • Камсыздандырылган мүлккө учуучу аппараттардын же анын бөлүктөрүнүн түшүшү;
  • Басымдын алдында иштеген буу котелдорунун, мунай сактагычтардын, мунай түтүктөрүнүн, шишелеринин жана башка ушул сыяктуу шаймандардын жарылуусу, ошондой эле тиричилик үчүн жана өндүрүштүк максатта пайдаланылган жарылуучу буюмдардын жана мунайдын жарылуусу;
  • Стихиялык апааттар;
  • Терезе айнектеринин, күзгүлөрдүн, витриналардын сынышы;
  • Камсыздандырылуучуга тиешеси жок транспорт каражаттарынын тебелеши;
  • Электр тармагындагы электр чыңалуусунун туруксуздугунун натыйжасында жабдуулардын бузулушу;
  • Талкалап уурдоо, тоноо жана каракчылык;
  • Камсыздандырылган мүлктү залалдантууга же жоготууга багытталган үчүнчү жарандардын укукка каршы кыймыл-аракеттери.
  • Суу менен камсыздоо, жылуулук, канализация же автоматтык түрдө өрт өчүрүү системаларындагы авария;
  • Коңшу жайлардан суунун же башка суюктуктардын капташы, кириши;

Камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу келишими боюнча Тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет, бирок  келишимди түзүү учурундагы мүлктүн рыноктук баасынан ашпасы керек.

Камсыздандыруу тарифи тобокелдин ченемине, мүлктүн түрүнө, камсыздандыруу суммасына (мүлктүн баасына),
камсыздандыруунун мөөнөтүнө, иштетилишинин же каралышынын шарттарына,
коргоо жана өрттүк сигналдаштыруунун каражаттарынын бардыгына,
механикалык коргонуучу каражаттарга (темир торлор, эшиктер, коддуу кулпулар, домофон ж.б.) жараша болот.  

2. Жер үстүндөгү транспорт каражаттарын камсыздандыруу

Жеңил жана жүк ташуучу автоунаалар, прицептер жана жарым прицептер, автобустар, микроавтобустар, мотоциклдер, айыл чарба жана курулуш машиналары жана өз алдынча жүрүүчү механизмдер ж.б. камсыздандырылса болот.

Камсыздандыруу тобокелдери:

1) Жол-транспорт кырсыгы(ЖТК):автоунаа транспортунун жана анын катышуусу менен жол боюнча кыймыл процессинде башка автоунаа транспорту менен кагылышуу, кыймылда бара жаткан же кыймылдабай турган заттарга тийип (урунуу) кетүүсү (курулуштар, тоскоолдор, канаттуулар, жаныбарлар ж.б.), ала салдыруу, каптоо, ошондой эле кандайдыр бир заттын  ага түшүп кетүүсү;

2) Үчүнчү жарандардын укукка каршы кыймыл-аракеттери:Транспорт каражатын (мүлктү) же анын жабдууларына кирген кээ бир бөлүктөрүн, тетиктерин, кошумча жабдыктарын уурдап качуу, карактоо, тоноо, уурдоо, Транспорт каражатынын уурдап качууга, карактоого, тоноого, уурдоого байланыштуу болгон жоготулушу же залалданышы; Транспорттук каражаттын уурдап качууга, карактоого, тоноого, уурдоого байланыштуу болбогон үчүнчү жарандардын укукка каршы кыймыл-аракетинен залалданышы;

3) Стихиялык апааттар:бороон, ташкын, ураган, мөндүр, чагылгандын тийиши, жер титирөө, сел, түшүү, жер көчкү, суу жайылуу, суу каптоо, суу толуу, жер кыртышынын түшүшү;

4)Башка күтүлбөгөн окуялар: бөтөн заттардын кулашы, өрт, жарылуу, муздун алдына түшүү, суу түтүктөр, жылыткыч же канализация системаларынын залалданышы, көпүрөөдөн кулоо.

Камсыздандыруу суммасыкамсыздандыруу келишими боюнча Тараптардын мекаулдашуусу боюнча белгиленет, бирок келишим түзүлүп жаткан мезгилдеги транспорт каражатынын рыноктук баасынан жогору болбошу керек.

Тариф камыздандыруу суммасынан 2,5%тен 5,5%ке чейин белгиленет жана төмөндөгүлөргө байланыштуу болот:

  • Автоунаанын маркасы/модели;
  • Автоунаанын чыгарылган жылы;
  • Автоунаанын түн мезгилиндеги сактоого коюлуучу жери жана уурдоого каршы каражаттардын болушу;
  • Автоунааны айдоого уруксат алган жарандардын саны, эмгек стаждары жана жаштары.
  • Автоунааны пайдалануу максаттары;
  • Франшизанын ченеми;
  • Камсыздандыруу аймагы.

Камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн документтердин тизмеси:

- автоунаанын техникалыкпаспорту;

- айдоочунун күбөлүгү;

- автоунааны айдоочуга укук берүүчү ишеним кат.

3. Аба транспортунун каражаттарын камсыздандыруу

Камсыздандырылуучу болуп юридикалык же физикалык жаран эсептелет – аба кемесинин ээси же аны иштетүүчү, бул аба кемесин мыйзамдык негизде иштеткен жаран эсептелет.

Камсыздандыруу объектиси болуп аба транспорту эсептелет:

- жүргүнчү жана транспорттук самолеттор,

- атайын багыттагы учуучу аппараттар,

- планерлер, дельтапландар, дирижаблдер жана аба шарлары

Камсыздандыруу тобокелдери:

а) Аба кемесинин кыйроосу, дайынсыз жоголушу:

-Болгон окуянын натыйжасында аба кемесинин чындыгында физикалык талкаланышы жана учууга пайдаланууга толук жараксыз болуп калышы (толук кыйроосу) же бул кеменин авариялык ремонту техникалык жактан мүмкүн эместиги  же ремонттоого экономикалык жактан максатсыздыгы (конструкциялык кыйроосу) жана камсыздандыруу суммасынан ашыкча болушу;

-аба кемеси пландуу учуп чыккандан кийин багытталган пунктка келбөөсү жана аны издөө боюнча 60 сутканын ичинде жүргүзүлгөн иш-чаралардан жыйынтык чыкпоосу же бул мөөнөттөн эртерээк издөөнүн расмий түрдө токтотулушу;

-бул кеменин эвакуацияланышына жете албаган жана ылайыксыз жерге муктаждуу отурганынан аба кемесинин жоготулушу.

б) Аба кемесинин залалданышы – аба кемесинин конструкциясынын бүтүмдүгү же бөлүктөрүнүн деформацияланышы, эгерде заландануу кандайдыр нерсенин бир жолку таасиринен жана заландануунун негизинде аба кемесинин ишке (учууга жарактуулугун) жарамдуулугун жоготууга алып келсе, камсыздандыруу окуясы катары  эсептелет.

Камсыздандыруучу Камсыздандырылуучунун аба кемесинин ремонтуна кеткен чыгымдарын, камсыздандыруу окуясы келгенге чейин болгон абалына жана комплектациясындагыдай абалда аба кемесин калыбына келтирүүгө керектүү көлөмдө кайтарып берет.

Камсыздандыруу суммасы. Камсыздандыруу суммасынын ченемиаба кемесинин камсыздандыруу баасына ылайык – аба кемесинин Келишимди түзгөн мезгилге карата чыныгы баасына ылайык аныкталат.

Камсыздандыруу тарифи Камсыздандырылуучунун тандап алган камсыздандыруу шарттарына, анын иш-аракеттеги мөөнөтүнө жана башка факторлорго жараша аныкталат.

4. Курулуш-монтаждоо иштерин камсыздандыруу

Эмнелер камсыздандырылса болот:

1. Курулуш иштери, ага кошумча курулуш материалдары жана конструкциялар, эмгек акысына чыгымдар, ташуу боюнча чыгымдар, бажылык жыйымдар жана пошлиналар, ошондой эле заказчы бере турган курулуш элементтери жана материалдары.

2. Монтаждоо жумуштары, ага кошумча монтаждалуучу жабдуулар, эмгек акыга чыгымдар, ташуу боюнча чыгымдар, бажылык жыйымдар жана пошлиналар, ошондой эле заказчы бере турган материалдар, жабдуулар жана тейлөөлөр.

3. Камсыздандыруу келишимине тиркелген тизмеге ылайык курулуш аянтчасынын жабдуулары (убактылуу имараттар жана курулуштар, складдык жайлар, курулуш таянычтар (леса), инженердик коммуникациялар ж.б.).

Камсыздандыруу төмөндөгү тобокелдерден ишке ашырылат:

- өрттөн – материалдык чыгым келтирген жана адамдардын коопсуздугуна коркунуч келтирген, атайын очоктон алыс жерде болгон көзөмөлгө алынбаган процесстен (чагылгандын тийгендигинен, тиричилик жана өндүрүштүк максатта пайдаланылган газдын жарылуусунан, электр жабдууларынын системасынын зыяндалышынан, буу- отун- газ түтүктөрүнүн жана тийиштүү сактоочу жайлардын, машиналардын, котелдордун, агрегаттардын жарылышынын натыйжасында өрттөнүшүнөн);

- жарылуудан – газдардын же буулардын жайылууга умтулгандыгынын негизинде чоң көлөмдөгү энергиянын тез ылдамдыкта сыртка чыгуусунан;

- чагылгандын тийишинен, электр тогунун таасиринен;

- куюндан, бороондон, чапкындан;

- кар көчкүнүн түшүшүнөн, селден, суу каптоодон;

- уроодон, жер көчкүдөн, жер кыртышынын түшүп кетишинен, жер алдындагы суунун капташынан;

- жер титирөөдөн;

- үчүнчү жарандардынукукка каршы иш-аракеттеринен, талкалар уурдоодон, уурдоодон, каракчылыктан;

- Камсыздандырылганга (Пайда табуучуга) тийиштүү болбогон транспорттук каражаттардын (жабдуунун, механизмдердин ж.б.) тийип кетишинен;

- учуучу аппараттардын же анын бөлүктөрүнүн кулашынан;

- курулуш аянтчаларында аткарылып жаткан газ-электр ширетүүчү (кесүүчү) жана башка ишке киргизүүчү-оңдоп-калыптоочу иштерди жүргүзүү учурундагы авариядан;

- курулуш объектилеринин кулашы же залалданышы, анын ичинде бөлүктөрүнүн урашы же кулашынан;

- монтаждоочу нерселердин кулашынан ж.б.

Камсыздандыруу суммасы курулуш иштеринин толук долбоорунун (сметалык) баасына, аякташындагы монтаждоо учурунда, материалдын баасын, эмгек акысын, ташуу боюнча чыгымдарды, бажы пошлиналарын, монтаждоо боюнча чыгымдарды, ошондой эле заказчы камсыз кылган материалдын жана курулуш бөлүктөрүнүн баасын кошуу менен белгиленет.

Камсмыздандыруу тарифи 0,35%тен2,0%ке чейин түзөт. 

Камсыздандыруу мезгили: Камсыздандыруучунун жоопкерчилиги курулуш-монтаждоо иштери башталгандан же камсыздандырылган мүлктүн полисте көргөзүлгөн курулуш аянтчасына түшүрүлгөндөн тартып башталат, бирок полисте шартталган датадан   мурун эмес мезгилде жана курулуш, монтаждоо, жабдуулардын куру бекер жана жумушчу сыноо мезгилинин ичинде улана берет.

5. Жүк ташууну камсыздандыруу

Камсыздандыруу объектиси: транспорттун бардык түрлөрү менен ташылуучу жүк(темир жолдук, автоунаалык, авиатранспорттук, деңиздик ж.б.)

Камсыздандыруу тобокелдери:камсыздандыруу менен жүктүн толугу жана бөлүктөрү төмөндөгүлөрдүн натыйжасында залалданышынын же толук жоготулушунун чыгымдары жабылат:

- Стихиялык апааттардан: чагылгандан, бороондон, бурганактан, вулкандык чыгуулардан жана башка жаратылыштын күчтөрдүн натыйжасында келип чыккан, адамдардын таасирине баш ийбеген окуялардан, өзгөчө кырдаалдуу жагдайлардан;

- Ташуучу каражаттардын талкаланышы же өз ара урунушу, кыймылдагы же кыймылсыз заттарга тийиши, самолеттордун урашы (метеошарттар боюнча “ордунан чыкпаганды” кошкондо), ошондой эле самолеттон жүктү авариялык ыргытуудан;

- оттон, жарылуудан, ошондой эле жүктү сактоо же өрттү өчүрүү үчүн жүргүзүлгөн чаралардын натыйжасы;

- жүктүн ташуучу каражат менен бирге дайынсыз жоголушунда;

- үчүнчү жарандардын жүктүү уурдоосу дана укукка каршы кыймыл-аракеттери;

- жүктү жүктөөдө, тартипке келтирүүдө, түшүрүүдө жана ташуучу каражатты газ отуну менен толтуруу учурундагы бөөдө кырсыктын натыйжасында жүктүн бардыгы толугу же бөлүктөрү менен залалданышынын же толук жок болушушунун чыгымдары;

- жүктү сактап калуу же чыгымдарды азайтуу жана анын ченемин аныктоо максатында бардык керектүү жана максаттуу чыгымдар, эгерде мындай тобокел камсыздандыруу шарттары боюнча каралган болсо.

Камсыздандыруу суммасы болуп камсыздандырылган жүктөрдүн баасы эсептелет,алар жүктөрдү жиберүүчү түзгөн товардык-транспорттук документтерге ылайык аныкталат.

 Камсыздандыруунун тарифтери: ар бир ташылуучу жүккө жекече белгиленет, арызды толтургандан кийин аныкталат жана
төмөндөгүлөргө байланыштуу болот: 

·   транспорттолоонун шарттарына (күзөттүн бардыгына, аныкталган ортодогу токтоочу жайлардын ордуна, жүктү транспорттоочу уюмдагы жүк ташуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча полистин болушу);

·   камсыздандыруу жоопкерчилигинин көлөмүнө;

·   транспорттун түрүнө;

·   ташуучу жүктүн номенклатурасына;

·   маршруттун мүнөзүнө жана анын алыстыгына;

·   жолдогу перегрузкалардын бардыгына.

6. Финансылык жана коммерциялык тобокелдерди камсыздандыруу

Камсыздандыруу объектиси болуп, Камсыздандырылуучунун контрагентинин (ишкердин) аткаруучу милдеттеринин Камсыздандырылуучудан көз карандысыз болгон жагдайлардын натыйжасында бузулушунан күткөн кирешелерди албашына байланыштуу Камсыздандырылуучунун мүлктүк кызыкчылыгы эсептелет.

Камсыздандыруу окуясы болуп Камсыздандырылуучунун чыгашаларын пайда кылган жана камсыздандыруу келишиминде көргөзүлгөн төмөндөгү окуяларды алып келген, камсыздандыруу келишиминде алдын-ала көрсөтүлгөн алардын ортосундагы контракт (келишим) боюнча Камсыздандырылуучунун контрагентинин келишимдик милдеттенмелерин аткарбоосу (жеткиликсиз аткаруусу)  таанылат:

а) өндүрүштүн токтотулушу, өрттөн, жарылуунун, авариянын, стихиялык апааттын натыйжасында өндүрүштүн көлөмүнүн кыскарышы;

б) карызкердин банкрот болушу (“банкроттук” тобокели арбитраждык соттун жарамсыздык фактысын таанышынан тартып же анын өз ыктыяры менен жоюлуу учурунда карызкер расмий жарыялаганда келет);

в) Камсыздандырылуучунун карызкеринин өзүнүн милдеттенмелерин аткарып жаткан мезгилде жана жеринде стихиялык апааттар (жер титирөө, бороон, суу каптоо, мөндүр, нөшөр, жер көчкү ж.б.) болгондо;

Камсыздандыруу окуясы келгенде Камсыздандыруучу төмөндөгүлөрдүн кайтарымын жүргүзөт:

а) Камсыздандырылуучунун кирешелерин жоготушун (толук же жарым-жартылай);

б) милдеттенмени аткарбагандын (жеткиликсиз аткаргандын) натыйжасында жоготулган же залалданган мүлктүн баасын;

в) камсыздандыруу окуясы тийгизген камсыздандыруу окуясынын жагдайларын тактоо жана чыгашалардын азайтуу боюнчакеректүү жана максаттуу чыгымдарды;

г) Камсыздандыруу тарткан соттук чыгымдарды(каражаттар).

Камсыздандыруу суммасы тараптардын макулдашуусунда жогорку ченемдеги болжолдуу чыгашаларга, Камсыздандырылуучунун контрагентинин Камсыздандырылуучунун камсыздандырылган келишимдери боюнча келишимдик милдеттенмелерин аткарбоосу (жеткиликсиз аткаруусу), анын акыркы жылдагы ишкердик ишмердигинен күтө турган жыйынтыгы (акыркы жыл үчүн кирешенин орточо нормасы, коммерциялык айлантуунун көлөмү, келишимдер боюнча контрагенттин милдеттенмелерин аткарууда анын ишмердигиндеги маанилүүлүгү, аларга камсыздандыруунун жайылтылышы ж.б.)  камсыздандыруу окуясы келген учурда боло тургандыгы белгиленет.

Камсыздандыруу тарифтери:Тобокелдин даражасына жараша ар бир камсыздандыруу келишими боюнча тарифтердин ченеми (ставкасы) камсыздандыруу суммасынан 2,5% тен 4,0%ке чейин жана төмөндөгүдөй көрсөткүчтөргө бдайланыштуу болот:

- камсыздандырылуучунун жана анын контрагенттеринин ишкердик зоболосу;

- аймагы;

- камсыздандырылгандын жана анын контрагенттеринин рентабелдүү ишкердик ишмердигин жүргүзгөн мөөнөтү;

- камсыздандырылгандын дебитордук карыздарынын болушу;

- Камсыздандырылгандын мүлкүнүн жана башка активдеринин көлөмү жана даражасы.

 

Презентационный фильм ОАО Страховая компания «Кыргызстан»
 
Презентационный фильм ОАО Страховая компания «Кыргызстан»