Русский Кыргызча English
Кабылдама : +996 (312) 38 31 31
Факс: +996 (312) 38 32 56

Обязательные виды страхования

1. Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу

Камсыздандыруунун объектисиболуп автоунаа, аба, темир жол, суу транспортунун каражаттары менен ар бир ташууда жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө, ден-соолугуна жана/же мүлкүнө, аны менен бирге жүгүнө тийгизилген зыянды кайтарууга байланыштуу Камсыздандырылуучунун (Ташуучунун) мүлктүк кызыкчылыгы эсептелет.

Камсыздандыруу окуялары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

- Транспорт каражатындагы жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден-соолугуна тийгизилген зыян;

- Ташуу учурунда жүргүнчүлөрдүн мүлкүнө (жүгүнө) тийгизилген зыян.

Камсыздандыруу транспортто жүргөн мезгилге жүргүзүлөт.

Камсыздандыруу суммасы (жоопкерчиликтин ченеми):

- Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден-соолугуна зыяндын тийгизилиш тобокели боюнчажоопкерчиликтин ченеми 300 000,00 сомду түзөт; 

- Жүргүнчүлөрдүн мүлкүнө (жүгүнө) зыяндын тийгизилиш тобокели боюнчажоопкерчиликтин ченеми 10 000,00 сомду түзөт.

Тарифтер:

- автомобиль транспорту үчүн -  0,045% 

- темир-жол транспорту үчүн – 5%             

- суу транспорту үчүн - 1%

- авиациялыктранспортүчүн-0,007%

Транспорттук каражаттын түрүнө жана ташуунун түрүнө (шаар ичиндеги, шаар аралык, эл аралык) жараша тарифтерге кошумча коэффициенттер колдонулат.

Камсыздандыруунун бул түрү боюнча камсыздандыруу взносун Сиздер биздин сайттагы калькулятордун жардамы менен эсептей аласыз.

2. Жумушчунун эмгектик (кызматтык) милдеттенмелерин аткаруу учурунда анын өмүрүнө жана ден-соолугуна тийгизилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

Камсыздандыруу объектисиболуп жумушчунун эмгектик (кызматтык) милдеттенмелерин аткаруу учурунда анын өмүрүнө жана(же) ден-соолугуна тийгизилген зыяндын кайтарымына байланыштуу Камсыздандырылуучунун мүлктүк кызыкчылыгы эсептелет.

Камсыздандыруу окуясы болуп Камсыздандырылуучунун кызыкчылыгында эмгектик (кызматтык) милдеттенмелерин аткаруу учурунда Камсыздандырылуучунун жумушчуларынын өмүрүнө жана ден-соолугуна тийгизилген зыян эсептелет.

Камсыздандырылуучунун жумушчусунун өмүрүнө жана (же) ден-соолугуна тийгизилген зыян катары төмөндөгүлөр түшүнүлөт:

а) Камсыздандырылуучунун жумушчуларынын эмгектик майыптануусунун негизинде эмгекке жарамдуулугун убактылуу толук же жарым-жартылай жоготуусу;

б) Камсыздандырылуучунун жумушчуларынын эмгектик майыптануусунун негизинде эмгекке жарамдуулугун дайыма толук же жарым-жартылай жоготуусу;

в) Камсыздандырылуучунун жумушчусунун эмгектик майыптануунун негизинде өлүмү.

Камсыздандыруу суммасыэмгек акынын жылдык фондунан кем эмес ченемде белгиленет.

Камсыздандыруу тарифтери кесиптик тобокелдин классына жана персоналдын категориясына жараша экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча дифференцияланат: өндүрүштүк, администрациялык-башкаруу жана көмөкчү персонал.

Камсыздандыруунун бул түрү боюнча камсыздандыруу взносун Сиздер биздин сайттагы калькулятордун жардамы менен эсептей аласыз.

3. Кооптуу өндүрүш объектилерин иштеткен уюмдардын жарандык жооперчилигин милдеттүү камсыздандыруу

Камсыздандыруу объектиси болуп кооптуу өндүрүш объектилерин иштеткен уюмдардын кооптуу өндүрүш объектисиндеги авариянын натыйжасында үчүнчү жарандардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана (же) мүлкүнө, ошондой эле айлана курчап турган жаратылыш чөйрөгө тийгизилген зыяндын ордун толтурууга Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгилген милдеттенмелерине байланыштуу мүлктүк кызыкчылыгы эсептелет.

Камсыздандыруу окуясы болуп Камсыздандырылуучу иштеткен жана камсыздандыруу келишиминде көргөзүлгөн кооптуу өндүрүш объектисинде болуп өткөн авариянын натыйжасында же апаатта үчүнчү жарандардын өмүрүнө, ден-соолугуна же мүлкүнө же айлана курчап турган жаратылыш чөйрөгө тийгизилген зыяндын тийгизилиши эсептелет.

Эгерде Камсыздандырылгандын өндүрүштүк ишмердигине байланыштуу камсыздандыруу окуясынан келип чыгып төмөндөгүлөргө алып келсе, Камсыздандыруу компаниясы жоопкерчилик тартат:

а) Жабыр тарткандын өлүмү, эмгекке жарамдуулугун жоготуусу, залалданышы (физикалык зыян);

б) үчүнчү жарандарга тийиштүү мүлктүн жок болушу жана залалданышы (мүлктүк зыян);

в) Эгерде окуя камсыздандыруулук деп табылса, Камсыздандырылгандын күнөөлүүлүгүнүн жагдайын жана ченемин тактоо боюнча максаттуу чыгымдар;

г) боло турган камсыздандыруу окуясы боюнча сот органдарындагы иштерди алып баруу боюнча чыгымдар;

 

д) камсыздандыруу окуясынын натыйжасында зыян тийгизилген жарандардын өмүрүн жана мүлкүн сактоо боюнча, же камсыздандыруу окуясынан тийгизилген зыянды азайтуу боюнча керектүү жана максаттуу чыгымдар.

Камсыздандыруу суммасынын ченеми кооптуу өндүрүшобъектисинин түрүнө байланыштуу болот жана белгиленген эң төмөн камсыздандыруу суммасынан аз болбоосу керек.

Камсыздандыруу тарифи0,144% ченеминде белгиленет. 1,5% көтөрүүчү коэффициенти кошумча пайдаланылат.

Камсыздандыруунун бул түрү боюнча камсыздандыруу взносун Сиздер биздин сайттагы калькулятордун жардамы менен эсептей аласыз.

4. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

Камсыздандыруу объектиси болуп кооптуу жүктөрдү ташуу мезгилинде үчүнчү жарандардын өмүрүнө, ден-соолугуна, материалдык баалуулуктарына жана айлана курчап турган чөйрөгө тийгизилген зыяндын ордун толтурууга Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгилген милдеттенмелерине байланыштуу мүлктүк кызыкчылыгы эсептелет.

Камсыздандыруу окуясы болуп, Камсыздандырылуучунун жүк ташуучу катары кооптуу жүктөрдү ташууга байланыштуу үчүнчү жарандардын өмүрүнө, ден-соолугуна же мүлкүнө же айлана курчап турган жаратылыш чөйрөгө тийгизилген зыяндан келип чыккан кайтарымдык милдеттенмеси пайда болуп жана кокустан, күтүүсүздөн жана атайын жасагандай мүнөздө болбогондугун далилдеген фактыларды Камсыздандырылуучуга Үчүнчү жарандар тарабынан зыяндын кайтарымы жөнүндө иш-аракеттеги мыйзамдарда белгиленген тартипте тескелген негиздүү дооматтары жана доо арыздары менен сунуштоосуна алып келген болгон окуя эсептелет.           

Камсыздандыруу суммасы болуп милдеттүү камсыздандыруу келишими менен аныкталган, анын негизинде камсыздандыруу взносунун жана камсыздандыруу төлөмүнүн ченеми белгилениши эсептелет.

Камсыздандыруу келишими иш-аракетте болгон мезгилдеги бардык камсыздандыруу окуялары боюнча төлөмдөрдүн жалпы суммасы, камсыздандыруу суммасынын ченеминен ашпоосу керек.

Камсыздандыруу тарифи конкреттүү жүк үчүн кооптуу жүктүн классификациясына, ташылган жүктүн көлөмүнө, аларды ташыган транспорттун түрүнө жана тийгизиле турган зыяндын ченемине жана анын келишине таасирин тийгизе турган жана башка факторлордон белгиленет.

Камсыздандыруунун бул түрү боюнча камсыздандыруу взносун Сиздер биздин сайттагы калькулятордун жардамы менен эсептей аласыз.

Презентационный фильм ОАО Страховая компания «Кыргызстан»
 
Презентационный фильм ОАО Страховая компания «Кыргызстан»