Жоопкерчиликти камсыздандыруу1. Жалпы жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууКамсыздандыруунун объектиси болупКамсыздандырылуучунун(Камсыздандырылуучу жарандын)Камсыздандыруучу ишмердигин аткарып жаткан учурда үчүнчү жарандардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана/же мүлкүнө тийген зыяндын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте анын милдеттерине байланыштуу кайтарымындагы мүлктүк кызыкчылыктары эсептелет. Юридикалык жак өзүнүн жоопкерчилигин ишкердүүлүктүн төмөндөгү түрлөрүн ишке ашыруу учурунда камсыздандыра алат: -имараттарды, курулуштарды, өндүрүштүк территорияларды жана жер участокторун кармоо жана иштетүү; -жайларды ээлик кылуу; -чарбалык ишмердүүлүк; -массалык коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү(жүрүштөр, митингдер ж.б.); -спорттук-оюн-зоок жана маданий-агартуу иш-чаралар (авторалли, кросстор, сынактар, спектаклдер, концерттер, көргөзмөлөр, презентациялар); -майрамдык фейерверктерди, иллюминацияларды уюштуруп-өткөрүү; -ишмердүүлүктүн башка түрлөрү(кесиптик ишмердикти кошпогондо). Физикалык жаран өндүрүштө зыян тийгизилгендиги үчүн үчүнчү жарандарга (кызматташтарына, администрациянын өкүлдөрүнө, иш берүүчүгө ж.б.), өндүрүштө алардын өзүлөрүнүн эмгектик (кызматтык) милдеттенмелерин аткарганына байланышпаган учурдагы жана тиричиликтеги төмөнкү учурларда камсыздандырат: -турак-жайларды, жер участокторун кармоодо жана иштетүүдө; -курулуш же ремонт иштерин жүргүзүүдө; -айбанаттарды (иттерди, бодо малды, экзотикалык айбанаттарды)кармоодо; -өзүлөрүнүн баккандары үчүн багуучулардын жана кам көрүүчүлөрдүн жоопкерчилигин; - жоопкерчиликтин башка түрлөрүн. Камсыздандыруу окуясы болуп, Камсыздандырылуучунун (Камсыздандырылган жарандын) камсыздандырылган ишмердигин аткарып жаткан учурда, мыйзамдардын негизинде Камсыздандырылуучунун (Камсыздандырылган жарандын) милдеттенмелеринин чыгышына алып келген, камсыздандыруу аймагында иш-аракетте болгон, тийгизилген зыяндын кайтарымы боюнча физикалык жарандардын же юридикалык жактардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана/же мүлкүнө тийгизилген зыян таанылат. Зыян тарткан жарандын өмүрүнө жана ден-соолугуна тийгизилген зыян катары төмөндөгүлөр таанылат: -зыян тарткан адамдын өлүмү, залалдары; - зыян тарткан адамдын эмгекке жарамдуулугун дайыма же убактылуу жоготуусу. Под причинением вреда жизни и здоровью потерпевшего лица понимается: - смерть, увечье потерпевшего лица; -постоянная или временная утрата потерпевшим лицом трудоспособности. Камыздандыруу суммасы камсыздандыруу келишимине ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет жана камсыздандыруу мөөнөтүнүн ичинде келген бардык камсыздандыруу окуялары боюнча төлөнө турган камсыздандыруу кайтарымынын ченеминдеги сумма болуп эсептелет. Камсыздандыруунун тарифтери ар бир Камсыздандырылуучу үчүн жеке белгиленет жана 0,6%тен1,5%ке чейинкиченемде белгиленет. 2. Үчүнчү жарандардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана мүлкүнө тийгизилген зыян үчүн автомобиль транспортунун ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырууКамсыздандыруу объектиси:Үчүнчү жарандардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана мүлкүнө транспорттук каражаттан тийгизилген зыяндын негизинде чыгашанын кайтарымы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттенмелерге байланыштуу келип чыккан Камсыздандыруу окуялары: - Үчүнчү жарандардын транспорттук каражаттарынын залалданышы же жок болушу; - Транспорттук каражаттардын ичинде болгон үчүнчү жарандардын мүлкүнүн залалданышы же жок болушу; - Кыймылдуу же кыймылсыз мүлктүн алар менен кыймылда бара жаткан транспорттук каражаттардын кагылышуусунда залалданышы же жок болушу; - Үчүнчү жарандардын өлүмү же эмгекке жарамдуулугун (убактылуу же дайыма) жоготуусу. Камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу келишими боюнча Тараптардын макулдашуусу менен белгиленет жана камсыздандыруу мөөнөтүнүн мезгилинде болгон бардык камсыздандыруу окуялары боюнча төлөнө турган камсыздандыруу кайтарымынын ченелген суммасы болуп эсептелет. Базалык тарифтик ченемдер 0,70%тен1,5%ке чейин болот. 3. Курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда үчүнчү жарандардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана мүлкүнө тийгизилген зыян үчүн жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууКамсыздандыруу объектиси:Курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда үчүнчү жарандардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана мүлкүнө транспорттук каражаттан тийгизилген зыяндын негизинде чыгашанын кайтарымы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттенмелерге байланыштуу келип чыккан Камсыздандыруучунун мүлктүк кызыкчылыгы эсептелет. Камсыздандыруу тобокелдери:Камсыздандырылуучунун курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөндөгүлөр камсыздандыруу окуясына алып келсе, Камсыздандыруучу жоопкерчилик тартат: - жабыр тарткан үчүнчү жарандын өлүмү, эмгекке жарамдуулугун жоготуусу, залалданышы; - үчүнчү жарандарга тийиштүү мүлктүн жок болушу же зыяндалышы; - Боло турган камсыздандыруу окуялары боюнча соттук органдардагы иштерди алып баруу боюнча чыгымдар. - камсыздандыруу окуясынын натыйжасында жарандардын өмүрүнө жана мүлкүнө, камсыздандыруу окуясынан тийгизилген зыянды сактоо, же залалды азайтуу боюнча керектүү жана багытталган сарптоолор. Камсыздандыруу суммасыкамсыздандыруу келишими боюнча Тараптардын макулдашуусу менен белгиленет жана камсыздандыруу мөөнөтүнүн мезгилинде болгон бардык камсыздандыруу окуялары боюнча төлөнө турган камсыздандыруу кайтарымынын ченелген суммасы болуп эсептелет. Базалык тарифтик ченемдер 0,7%тен1,8%ке чейин болот. 4. Өзүнүн милдеттерин аткаруу учурунда үчүнчү жарандардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана мүлкүнө тийгизилген зыян үчүн кесиптик жоопкерчиликти камсыздандырууКамсыздандыруу объектиси болуп Камсыздандырылуучунун (Камсыздандырылган жарандын) жеке жаранга же физикалык жарандардын мүлктүк кызыкчылыктарына же юридикалык жактардын мүлктүк кызыкчылыктарына ал тийгизген зыянга кайтарымына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген мүлктүк кызыкчылыктары эесептелет, эгерде: - Камсыздандырылуучунун үчүнчү жарандардын алдындагы жоопкерчилиги тийиштүү мыйзамдар менен аныкталганда; - Камсыздандырылуучунун (Камсыздандырылган жарандын) кесиптик ишмердигине түздөн-түз байланыштуу болгон жаранга жана/же мүлккө тийгизилген зыян камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөндө; - Зыяндын тийгизилишине алып келген, келишимде көрсөтүлгөн аймактын ченеминде жана мезгилдин ичиндеги камсыздандыруу окуясында. - ответственность Страхователя перед третьими лицами определена соответствующим законодательством; - ущерб личности и/или имуществу причинен в прямой связи с профессиональной деятельностью Страхователя (Застрахованного лица), которая указана в договоре страхования; - страховой случай, повлекший причинение ущерба, имел место в пределах территории и во время, указанным в договоре. Кесиптик жоопкерчиликтин түрлөрү: Нотариустар,судьялар; юристержана адвокаттар; аудиторлор; жеке иштешкен дарыгерлер жана медициналык мекемелер; риэлторлори риэлтордуккомпаниялар; архитекторлор, конструкторлор, долбоорчулар; күзөт агенттиктери; товарларды өндүрүүчүлөр жана сатуучулар, жумуштарды (тейлөөлөрдү) аткаруучулар; курулушчулар; баалоо иштери менен алектенген уюмдар; оюн-зоок, ден-соолукту чыңдоо, маданий жана коомдук иш-чараларды уюштуруучулар; ишкердиктин башка түрлөрү. Камсыздандыруу окуясы болуп Камсыздандырылгандын (Камсыздандырылган жарандын) кесиптик ишмердигинин натыйжасында келип чыккан, үчүнчү жарандардын мүлктүк кызыкчылыктарына түздөн-түз зыяндалгандыгы жөнүндө негиздүү талабы же мыйзамдуу күчүнө кирген сот органдарынын чечими таанылат: - кызматтык инструкцияларда каралган, кыймыл-аракеттер жасалып жаткан учурда атайын жасалбаган катачылыктар; - Камсыздандырылгандын (Камсыздандырылган жарандын) кесиптик ишмердигин аткаруу мезгилинде мүлктүн (документтердин, материалдардын ж.б.)атайын жасалбаган жоготуусу жана бүлүнүшү; - Камсыздандырылгандын (Камсыздандырылган жарандын) кесиптик ишмердигине байланыштуу, андан түздөн-түз залалданганы сот аркылуу кайтарыла турган жана камсыздандыруу келишиминде атайын белгиленген, башка иш-аракеттердин жасалышы. Жоопкерчиликтин жалпы чеги (лимит)Үчүнчү жарандарга мыйзамдар аныктаган кайтарымдын ченеминен аз болушу мүмкүн, ал эми кайтарымдын ченемин регламенттөөчү мыйзамдык актылар жок болгон учурда, тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет; Базалык тарифтикченемдер0,85%тен3,0%кечейин белгиленет; 5. Ташуучунун (экспедитордун) жоопкерчилигин камсыздандырууКамсыздандыруу объектиси болупКамсыздандырылгандын зыяндын кайтарымын аткаруудагы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары белгилеген тартиптеги милдеттенмелерине байланыштуу жоопкерчилиги эсептелет: а) жүк ээлерине жана жүргүнчүлөргө тиешелүү жүктүн (багаждын) жок болушу (ойрондолушу) жана/же залалданышы; б) жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян тийгизилиши; Камсыздандыруу окуясы болуп төмөндөгүлөр эсептелет: а) транспорт каражаттары менен байланышкан окуя (жол-транспорт кырсыгы, талкалануу, кагылышуу, авиакатастрофа ж.б.; б) үчүнчү жарандардын укукка каршы иш-аракеттери (уурдоо, тоноо ж.б.). Жүктөрдү камсыздандыруу учурунда, төмөндөгүлөр кайтарылат: а) транспорт каражатынын жабдууларынын жүктүн бардыгынын же бөлүктөрүнүн оттон, жарылуудан, чагылгандан, бороондон, бурганактан, башка стихиялык апааттардан, авариядан залалданышынан же толук жок болушунан келип чыккан чыгымдар; б) транспорт каражатын жана ал ташыган жүктөргө келген жалпы коркунучтан же өрттү өчүрүүдө сактап калуу максатында атайын, акылга сыярлык жана өзгөчө кырдаалдагы ишке ашырылган чыгымдардардын жана курмандыктардын натыйжасында келип чыккан чыгымдар; в) жүктү сактап калуу боюнча, эгерде камсыздандыруунун шарттары боюнча чыгым кайтарыла турган болсо, ошондой эле чыгымды азайтуу боюнча жана анын ченемин аныктоо боюнча бүт керектүү жана максаттуу чыгымдар; г) траснпорттук каражаттын жүгү менен бирдикте дайынсыз жоголушунан келип чыккан чыгымдар; д) жүктү жүктөөдө, тартипке келтирүүдө, түшүрүүдө жана транспорт каражатына май куйуу учурунда бөөдө кырсыктардын натыйжасында келип чыккан чыгымдар; е) транспорттук каражаттардын талкаланышында, өз ара же башка жылбай турган зат менен кагылышуусунда, транспорттук каражаттагы өрттө же жарылуунун натыйжасында жүктүн залалданышындагы чыгымдар. Жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими боюнча Камсыздандыруучу Кыргыз Республикасынын зыяндын кайтарымы жөнүндө жарандык мыйзамдарынын нормаларына ылайык жана алардын негизинде, үчүнчү жарандардын камсыздандыруу келишиминин иш-аракетиндеги мөөнөтүнүн ичиндеги камсыздандыруу окуясында тийгизилген зыяндын, жанан ал алып келген жагдайда Камсыздандырылуучуга талаптары жибериле турганга жараша камсыздандыруучу коргоону камсыз кылат: а) майып болуу, залалдангандын эмгекке жарамдуулугун жоготтуусу же анын өлүмү (өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян); б) үчүнчү жарандарга тиешелүү жүктү, мүлктү (жаныбарларды кошкондо) жоготуу (ойрондолуусу) (чындыгындагы зыян); в) камсыздандыруу окуясы тийгизген, камсыздандыруу окуясынын натыйжасында тийгизилген зыян же залалдын азайтылышына алып келген жарандардын өмүрүн жана мүлкүн сактоо боюнча, камсыздандыруу окуясына байланыштуу жагдайды тактоо боюнча кошумча чыгымдар; г) Жеке жаранга же үчүнчү жарандардын мүлкүнө тийгизилген зыяндын кайтарымы жөнөүндө иштер боюнча Камсыздандырылгандын соттук чыгымдар (эгерде зыян камсыздандыруу окуясынын келишинин натыйжасында тийгизилсе жана ал чыгымдар камсыздандыруу кайтарымынын суммасы менен бирдикте Камсыздандыруучунун жоокерчилигинин келишиминдеги белгилеген чегинен (лимит) ашпаса). Бул учурда камсыздандыруучунун жоопкерчилиги болгон окуянын жана үчүнчү жарандардын өмүрүнө, ден-соолугуна же мүлкүнө тийгизилгендигини ортосундагы себептүү-жыйынтыктуу байланышы болгон учурда гана пайда болот. Камсыздандыруу суммасы болуп камсыздандыруу сыйлыгынын жана камсыздандыруу төлөмүнүн ченемин белгилей турган, камсыздандыруу келишими аныктаган акча суммасы эсептелет. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы Камсыздандыруучу жана Камсыздандырылуучунун ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат. Камсыздандыруу суммасынын ченемин аныктоо тараптар Камсыздандырылуучунун ташуучу катары акыркы 3-5 жыл аралыгындагы ишмердигинин статистикалык маалыматтарына негизделген, ташуу үчүн төлөмдөрдүн жыйналган жылдык көлөмүнө жараша болот. Камсыздандыруу тарифтери0,85%тен1,5%ке чейинки ченемде белгиленет. Камсыздандыруу сыйлыгынын акыркы ченемдери төмөндөгүлөргө байланыштуу болот:
|