Биз жонундоКомпаниясын маалымдо Ачык акционердик коом “Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясы бай тарыхка жана көп жылдык үзүрлүү иш тажрыйбага ээ. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1991-жылдын 5-июлундагы № 333 токтому менен уюштурулган компания, 1926-жылы түзүлгөн Кыргыз ССРинин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишмердигин улантуу укугуна ээ болуп калды.
Бүгүнкү күндө ААК “Кыргызстан” улуттук камсыздандыруу рыногунун алдыңкы компанияларынын катарына кирип, Кыргыз Республикасында тажрыйбалуу, ишеним туудурган жана кыймыл аракети өркүндөп өскөн, камсыздандыруунун тейлөөлөрүнүн салттарын сактап калган, ошондой эле чет өлкөлүк алдыңкы ыкмаларды жана технологияларды ишке киргизген камсыздандыруу компаниясы болуп эсептелет. Компаниянын ички саясаты камсыздандыруу рыногунда жогорку орундарды ишенимдүү карманып турууга жана камсыздануучулардын санын жыл сайын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Компаниянын бүткүл Кыргызстан боюнча республиканын жашоочуларына камсыздандыруу тейлөөсүнө ээ болушуна бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүчү көптөгөн филиалдык тармактары бар. “Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясынын Миссиясы – Кыргыз Республикасынын компанияларынын жана жарандардын кызыкчылыгын жана бакубатчылыгын аларга жеткиликтүү жана алардын талаптарына жооп берген камсыздандыруу тейлөөлөрүн жүргүзүү.“Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясынын Максаты– ишенимдүү, кубаттуу жана кыймыл-аракети өркүндөп өсүп жаткан компаниянын беделин бекемдөө. Мүчө болгон уюмдары: ААК “Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясы бир топ ассоциациялардын туруктуу мүчөсү болуп жана Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруунун нормативдик базаларын өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдык демилгелерди иштеп чыгууга жигердүү катышуу менен Кыргыз камсыздандыруу рыногунда чоң ролду ойнойт. - АКК “Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясы төмөндөгү уюмдардын мүчөсү болуп эсептелет: - Соода-Өнөр-Жай палатасы (СӨЖК); - Эл аралык Иштиктүү Кеңеши (ЭАИК) (International Business Council) (IBC); - КыргызРеспубликасынын Камсыздандыруучулар Кошуну; - Кыргызстандын ишкерлер Кошуну. Тейлөөлөр: ААК “Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясы турмуштун бардык чөйрөсүндөгү Сиздердин кызыкчылыгыңыздарды коргой турган камсыздандыруу тейлөөлөрүнүн толук тизмегин, анын ичинде өз каалоосу боюнча, ошондой эле милдеттүү камсыздандырууну сунуш кылат.
ААК «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы камсыздандырууну жүргүзүү үчүн ААК «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча 4лицензия алды: - Жүк ташуучулардын жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилиги; - Коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилиги; - Жумушчунун, анын эмгектик (кызматтык милдетин) аткаруу учурунда өмүрүнө жана ден-соолугуна тийген залал үчүн иш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилиги; - Кооптуу өндүрүш объектилерин иштеткен уюмдардын жарандык жоопкерчилиги. Кардарлары: Компаниянын туруктуу кардарлары болуп жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү, ири авиакомпаниялар, тоо-кен жана кайра иштетүү өндүрүш ишканалары, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелери, эл аралык долбоорлор, кичи жана орто бизнестеги ишканалар эсептелишет. Сыйлыктары жана коомдук ишмердиги:
|

